Биз ар кандай татаалдыктагы кесипкөй котормо кызматтарын сунуштайбыз.
Жазуу жүзүндөгү котормолор
Биздин артыкчылыктар:
Дасыккан котормочулар, корректорлор жана редакторлор;
Сапатты сактоо менен эң кыска мөөнөттө которуу (анын ичинде экспресс-котормолор);
Биз тексттерге көп баскычтуу текшерүүнү жүргүзөбүз;
Котормолорду кардардын кеңсесине жеткирүү.
Документтердин/маалыматтык материалдардын төмөнкү түрлөрүн которобуз:
Өздүгүн тастыктаган документтер (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы/нике/укукту каттоо жөнүндө күбөлүк ж.б., айдоочунун күбөлүгү);
Мамлекеттик жана жеке мекемелерден маалымдамалар;
Билими тууралуу документтер (аттестат, диплом, зачеттук китепче, студенттик билет);
Иш тажрыйбасы/иштеген жылдары тууралуу документтер (эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүк, резюме);
Нотариалдык документтер;
Корпоративдик документтер (уюштуруу, коммерциялык, каттоо);
Тендердик сунуштар жана табыштамалар;
Каржылык документтер (каржылык отчеттор, бухгалтердик каттоолор, банктык көчүрмөлөр);
Контракттык документтер (макулдашуулар, келишимдер, аларга толуктоолор, өзгөртүүлөр жана тиркемелер);
Көркөм адабият;
Визалык колдоо үчүн документтер/арыздар;
Видео, аудио материалдар (фильмдер, жаңылыктар);
Сайттар.
Котормо тилдери: англис, кыргыз, кытай, корей, япон, түрк, немис, испан, француз, румын, өзбек, араб.