Биз тууралуу
Биздин компания котормо жана корректордук кызматтардын кеңири түрлөрүн, транскрипциялоо жана административдик колдоо кызматтарын көрсөтөт.
Ар кандай татаалдыктагы жана темадагы тексттерди которуп, транскрипциялайбыз. Бизнести административдик колдоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беребиз.
Котормочуларыбыз жазуу котормо боюнча тажрыйбалуу, сертификатталган кесипкөй адистер.
Баштапкы тексттин терминологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, котормонун сапатын жана стилистикасын сактоого кепилдик беребиз.
Административдик кызматтарды да бизге тапшырсаңыз болот.
Административдик колдоо тобу логистика, персоналды башкаруу жана конференция кызматтары чөйрөсүндө кеңири тажрыйбалуу кызматкерлерден турат жана сиздин суроолоруңузга жооп берүүгө даяр.
Биз сиздин талабыңызды эске алуу менен ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтулабыз.